Өзбекстан Кыргызстанга 3 миң тонна буудай берди

    Мезгил

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 3 миң тонна буудай берди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой кечээ, 17-ноябрда Ош шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга 3 миң тонна буудай түрндөгү азык-түлүк жардамын өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Өзбек тарабы темир жол аркылуу азык-түлүк жардамын Ош шаарынын станциясына жеткирип, Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго тапшырды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *