Өзбекстан Кыргызстанга 30 миң “Гепарин” препаратын берет

  Мезгил

Жума аягына чейин Кыргызстанга Өзбекстандан “Гепарин” препаратынын 30 миң кутусу  келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр ошондой эле Индия, Иран, Пакистан жана башка КМШ өлкөлөрү менен жүргүзүлүүдө.

Учурда Кыргызстан дарыканаларында калбай калган препараттардын 3-4 позициясы жакынкы арада Ирандан жеткирилет.

Белгилеп кетсек, ковид жана пневмония күч алгандан бери медицина кызматкерлеринин жана препараттарынын жетишсиздиги курч болууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *