Өзбекстанда өтүп жаткан экинчи консультативдик жолугушууга Токаевдин ордуна Назарбаев келди

Мезгил

Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтүүдө.  Жыйынга катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ордуна  Тунгуч президент  Нурсултан Назарбаев, Түркменстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон  келди.

Экинчи консультативдик жолугушуу салтка айланып калгандай делегат башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү менен башталды.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Нурсултан Назарбаевди Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *