Өзбекстанда өткөн сынакта кыргызстандын жөө күлүктөрү 9 медаль тагынды

Мезгил

Кыргызстандын жөө күлүктөрү Өзбекстанда өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште мыкты ийгиликтерди багындырып, 9 медаль тагынышты.

Турнир 17-18-августта Ташкентте өтүп, сынакка Австралия, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Сауд Аравия, Тажикстан, Түркменстан спортчулары катышты. Биздин өлкөдөн 31 атлет барды.   

Айнуска Калил кызы 800 жана 1 500 метр аралыкка чуркоодо күмүш медаль алды. Самат Казакбаев 1 500 жана 5 000 метрге чуркоодо күмүш байгеге ээ болду. Данияр Арыпбеков тоскоолдуктары бар 3 миң метрлик аралыкка чуркоодо күмүш медаль алды. Эркин Шеров 200 метр аралыкта чуркап коло медилги татыды Ошондой эле Михаил Солошенко да 1 500 метрди багындырып коло медаль тагынды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *