Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 246 баш кой-эчки кайтарылды

Мезгил

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын Чек ара кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүмүн кызматкерлери жайылып жүрүп Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 246 баш кой-эчкини кайра кайтарып алышты.  

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун аталган районундагы Совет-Сай айылынын эки тургуну 31-июль күнү жайган кою коңшу өлкөгө өтүп кеткенин чек арачыларга кабарлашкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жандыктарды өзбекстандык чек арачылар Кыргызстанга өткөрүп берген.

Малчыларга койлорун тиешелүү эмес жерлерге кайтарганы үчүн Кыргызстандын мыйзамына ылайык айыппул салынды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *