Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

    Мезгил

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын  премьер- министри  Абдулла Арипов жана  Кыргызстандан премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жолугушуу учурунда белгилүү болду. 

Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун күн тартибиндеги башкы маселе экенин премьер-министрлер баса белгилешти.   

 Маалымдалгандай, Тышкы иштер министрликтер аркылуу даярдык иштери, иш сапардын графиги иштелип жатат. Тар чөйрөдөгү жолугушууда Абылгазиев эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде эки тараптуу мамилени бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.

Өз кезегинде Арипов эки өлкөнү миң жылдык достук жана ынак кошуналык  мамиле бириктирип турганын белгилеп, көптөгөн каада-салттар окшоштугун, Эки өлкөнүн тарыхы бир экенин белгиледи.

 Өзбекстандын президенти  Кыргызстанга  кайсы күнү келээри азарынча тактала элек. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *