Зеленский президент катары алгачкы сапарын кайсы өлкөдөн баштаары белгилүү болду

   Мезгил

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский президент катары чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Брюсселден баштайт.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Анда айтылгандай, ал 4-5-июнь күндөрү расмий сапар менен аталган өлкөгө барары айтылууда.  

Зеленский Брюсселде Европалык комиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер жана Европа биримдигинин президенти Дональд Туск менен жолугат. Ошондой эле, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эске сала кетсек, Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский 20-майда ант берип, президенттик кызматка расмий киришкен.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *