Владимир Зеленский Жогорку Раданы тарката турганын билдирди

   Мезгил

Бүгүн, 20-майда Владимир Зеленский Украинанын жаңы президенти катары расмий түрдө ишке киришти. Ал бир аз мурда Украинанын Жогорку Радасында ант берди.

Кызматка отургузуу аземинен соң, сөз алган Зеленский өзүнүн жеңишин жалпы бүтүндөй элдин жеңиши экендигин белгиледи. Ошондой эле, ал эң кыска убакытта Жогорку Раданын VIII чакырылышын тарката турганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Украинанын парламенттик шайлоосу ушул жылдын октябрына пландалып жатат.

  Зеленский Украинанын 6 президенти болуп шайланды.  

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *