Өзгөчө абал режимин киргизүү – бул акыркы чара. Буга жеткирбөөгө бардык күчтү жумшайбыз

   Мезгил

Эрежелери катуу каратинди, өзгөчө абал режимин киргизүү – бул эпидемиологиялык абал өтө начарлаган шартта мамлекет тарабынан көрүлө турган акыркы чаралар. Бул тууралуу  премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Өкмөт мындай абалга жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. 

«Ошол эле учурда бардык тийиштүү санитардык эрежелерди жана талаптарды сактоо үчүн жарандардын аракеттешүүсү керек. Ошондо гана биз тыюу салуучу карантиндик чараларды киргизбей коё алабыз. Экономикалык ишмердүүлүктүн негизги чөйрөлөрүн жандандырган учурдан тартып бир айдан ашык убакыт өттү. Бүгүн биз Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында эпидемиологиялык абал күнүнө начарлап жатканын көрүп турабыз. Ооруга чалдыккандардын 50% алар инфекцияны кайдан жугузуп алышканын билишпейт. Ооругандарды медицина мекемелерине жаткыруу маселеси көйгөйлүү бойдон калууда, 118 линиясына чала албай, тез жардам кызматынын убагында келбей жатканына даттануулар түшүүдө. Бишкекте, Чүй облусунда жана Ошто орундардын санын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден тышкары, кошумча орундарды даярдоо керек. Бишкектин медициналык мекемелери толуп калган шартта жарандар Чүй облусундагы ооруканаларга жаткырылат», – деди Премьер-министр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *