Жүргүнчүлөрдүн эсине: Бишкекте № 114 маршруттук унаанын каттамы өзгөрдү

  Мезгил

Бишкекте № 114 маршруттук унаанын каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалым болгондой,  мындан ары кичи автобус Щербаков көчөсүнүн ордуна Баялинов менен жүрө турган болду. Калган схема өзгөргөн жок.

«Мындай чечимге Щербаков көчөсүндө жүргүнчүлөрдүн өтө аз болгону себеп болду», — деп айтылат маалыматта. Транспортко байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлер аркылуу байланышка чыкса болот:

  • WhatsApp каналы — 0 555 33 00 31;
  • Маршруткалардын иши боюнча — 0 312 53 36 48;
  • Автобустардын иши боюнча — 0 312 53 48 24, 53 18 17.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *