Жаңы депутат Айнура Аскарова ант берди

    Мезгил

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Айнура Аскарова ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында Улуттук Энергохолдинг компаниянын башчылыгына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Айтмамат Назаровдун ордуна келди.

 Айнура Аскарова буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгын жетектеп келген. Жогорку билимдүү, 1998-жылы Улуттук университетинен «журналист» адистиги боюнча билим алган. 2008-жылы Башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган. Ал эми 2015-жылы Арабаев атындагы университеттин «саясат таануу» адистиги боюнча аспирантурасын бүтүргөн.

Белгилей кетсек,  жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *