Жаңы министр кайрадан жаңылды. Жалал-Абад эмес, Оштогу оорукана жабылат

   Мезгил

  Кызматка жаңы эле келген саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн эртең менен  Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы жабыларын айткан болчу. Бирок, ал жаңылып айтып алганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлери коронавируска кабылганына байланыштуу убактылуу жабылып, дезинфекцияланат.  

“Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекцияланууда. Жугуштуу оорулар менен жабыркап дарыланып жаткан балдардын баары Оштогу облустар аралык балдар ооруканасына которулат. Ошондой эле кошумча дагы Кара-Суу райондук балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы жабыларын айткан болчу.  

Мезги ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *