Жаңы рекорд. Дагы 192 адамдан коронавирус аныкталды

   Мезгил

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 192 учур катталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында Бишкек шаарында 94 кишиден, Чүй облусунда − 62, Ош шаарында − 16, Ош облусунда − 14, Ысык-Көл олусунда – 2, Нарында – 2 жана Талас облусунда 2 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус жуктурган 192 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2981ди түзөт. Алардын ичинен 1981 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *