Жаңы Зеландияда мечитке чабуул жасалып, 49 адам каза болду

  Мезгил

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч калаасында эки мечитке чабуул жасалып, 49 адам каза тапты.  Мындай окуя күндүз болгон.   Буга чейин чабуулдан 9 адам кайтыш болгону айтылган.

Күбөлөрдүн айтымында беткапчан эки үч адам келип аткылап баштаган. Ок атылып жаткан учур видеого түшүп калган. Окуя болгон учурда Месджид-ен-Нур мечитинде 300 гө жакын адам болгон. Ошондой эле дагы бир мечитте атыш болгон.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Джасинда Ардерн бул окуяны аталган мамлекеттин тарыхындагы эң кайгылуу окуя деп атады.

 Ал эми аталган мамлекеттин милиция бөлүмү бул окуяга катышы бар делген бир кылмышкерди кармашты. Полиция кызматкери бүгүн жергиликтүү элден мечитке барбай туруусун өтүнгөн.

Ошондой эле кошумча чара ирээтинде укук коргоо органдары калаадагы баардык мектептерди курчоого алды.  

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *