Жаббаров Дастан Жумабековду айыптап, Башкы прокуратурага даттанды

    Мезгил

  Өткүр Жаббаровдун пикиринде парламенттин спикери 1 жылдан бери Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишине бут тосуп келет. Тагыраагы бул жарандык коомдун 8 мүчөсүнөн болгону үчөө калган, калгандары отставкага кетишти же болбосо жөн гана өз кызматтарын таштап, баса беришти. Экөө жыйындарда анда-санда эле көрүнбөсө, алардан деле дайын жок. Координациялык кеңеш Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун бюджетин бекитет, ал эми кворум жок болгондугуна байланыштуу өткөн жылдын бюджети колдонулуп келет. Финмин 2019-жылы Улуттук борборго деп 11 млн сомго кошумча 7 млн сом бөлүп берген. Бирок борбор бул каражатты колдоно албай калган.

2019-жылдын январь айынын башында Координациялык кеңеш ЖКнын спикери Дастан Жумабеков менен конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбековго Координациялык кеңештин мүчөлөрүн коммерциялык эмес уюмдардын ичинен тандоо боюнча комиссия түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жооп болгон эмес. 2019-жылдын сентябрь айында Координациялык кеңештин мүчөлөрү төрага менен комитет башчысына кайрадан өз милдеттерин аткарып берүүлөрүн суранып кайрылышкан. Парламенттин аппаратынын жумушчулары кеңештин мүчөлөрүнө жардам бере алышпайт. Алардын сөзү боюнча кайрылуу учурда Дастан Жумабековдун өзүндө жатат. Ага эч ким бул же тигил катка көңүл буруусун айтып, тапшырма бере албайт.

Акыйкатчы Токон Мамытов да Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бири. Ал 2019-жылдын февраль айында эле төрагага кеңештин жаңы мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия түзүү зарылдыгы туурасында айтмакчы болгон. Бирок, мындан эч кандай майнап чыккан эмес. БУУнун Кыйноолорду алдын алуу подкомитетинде, 2018-жылдын 11-22-сентябрында өткөн иш сапарында Координациялык кеңештин иш-аракеттери кворумдун жоктугуна байланыштуу токтоп калган.

«Өзү мыйзам чыгарган Жогорку Кеңештин аракетсиздиги укуктук мамлекеттин принциптерине шек келтирип, өлкөбүздүн кадыр-баркын дүйнөлүк коомчулук алдында түшүрүүдө», – деп санайт Өткүр Жаббаров. Ошондой эле ал төраганын ысымына Башкы прокуратурага даттанганы турарын билдирди.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *