Жагымдуу кабар! Дагы үч бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты

Мезгил

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалым болгондой, алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  144кө жетти.  

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *