Жайкы сезондогу алгачкы туристтерди министр өзү тосуп алды

Мезгил

Жайкы сезондун башталышы менен биринчилерден болуп туристтер Польшадан келди. Аларды Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов  “Манас” эл аралык аэропортунан  өзү тосуп алды.  Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, туристтерге электрондук карталар берилди. Анын жардамы менен телефон аркылуу Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу жалпы маалымат алууга болот. Ошондой эле картанын жардамы менен мейманкана, ресторан жана такси сыяктуу тейлөө кызматтарында жеңилдиктер каралган.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө жайкы сезондун ачылышы 18-майда болот. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *