Жактырылган бюджет долбоорунун күнгөй-тескейи

   Мезгил

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде 1-окууда жактырылган.

Бюджет кирешеси

2020-жылга карата бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сомго болжолдонгон. Бул ички дүӊ продукциянын 27,5% деӊгээлине барабар.

Бюджет чыгашасы

Бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деӊгээлинде белгиленген. Бул ИДПнын 26% барабар.

Бюджеттеги таңкыстык

2020-жылга республикалык бюджеттин таӊкыстыгынын жалпы көлөмү 9 млрд 953 млн сомду же ИДПнын 1,5%ын түзөт. Быйылкы жылы таңкыстык 23 млрд сомду чапчыган. Башкача айтканда бюджеттик таңкыстык ылдыйлатылат.

Экономикадагы оң динамика

Экономика министри Санжар Муканбетов 2019-жылы экономикада оӊ динамика пайда болгонун, ал 2020-жылы дагы күтүлөөрүн билдирди.

Комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышкан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *