Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Сузакта күйөөсүнөн жабыркаган аял менен жолукту

   Мезгил

   Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков онлайн брифингде Сузак районундагы күйөөсүнөн жабыркаган аял менен жолугушканын айтты.

Анын айтымында, жабыркаган аялга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлдү.

“Жакында ал үй-бүлө менен жолугуштум. Аялдын, бир туугандарынын оюн уктум. Ошондой эле балдары менен да сүйлөштүм. Окуянын чыгуу себеби боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат”, – деди Ызабеков. 

Муну менен катар эле ал жабыркаган аялдын ден соолугун текшерүү үчүн дарыгерлер барганын  кошумчалады. 

Эске салсак, буга чейин Сузакта аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган зөөкүрдүн видеосу коомчулуктун катуу талкуусуна алынган.

Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.13-июнда зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы киши 15 күнгө камалган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *