Жалал-Абадтын эки районунда 13 тоннадан ашык жапайы куурай өрттөлдү

Мезгил

Ала-Бука жана Токтогул районунда 13 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ала-Бука районунда Жаңы-Шаар жана Ынтымак айылдарындагы 3 гектар жерде 1 тоннадан ашык кара куурай өрттөлгөн. Ал эми Токтогул районунда 19 гектар жердеги 12 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.

Мындай иш-чаралар башка айылдарда да жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Тогуз-Торо жана Аксы райондорунда 10 гектар жердеги 3,5 тонна кара куурай өрттөлгөн.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *