Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковго каршы доо арызын кайтарып алды

Мезгил

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковго каршы доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Жалил Атамбаевдин жактоочусу “Азаттыкка”  билдирди.

  Анын айтымында, Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковду кечирди.

“Доо арызды кайтарып алдык,  бул боюнча 7-май күнү шаардык сотко өтүнүч бердик. Жалил Атамбаев «ыйык Орозо айында кечирдим, соттошпойм» деди”-дейт адвокат. 

 Белгилей кетсек, 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул коомчулукта талкуу жаратып активисттер журналист Ыдырыс Исаковду коргоо үчүн президентке кайрылышкан. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *