Жалпы 2530: Дагы 87 адам коронавирусту жеңди

   Мезгил

Кыргызстанда бир сутка ичинде 87 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт онлайн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 17, Чүй облусунан 15, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 25, Нарын облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 16, Талас облусунан 6 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2530 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2530 адамга жетти.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *