Жалпы 5296. Дагы 279 адамдан коронавирус  аныкталды

  Мезгил

Бүгүн, 30-июнга карата Кыргызстанда дагы 279 адамдан коронавирус  аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5296 адамга жетти. Акыркы суткада 76 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2370 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 182 адам;

– Чүй облусунда 36 адам;

– Ош облусунда 1 адам;

– Ош шаарында 1 адам;

– Жалал-Абад облусунда 7 адам;

– Баткен облусунда 9 адам;

– Нарын облусунда 10 адам;

– Ысык-Көл облусунда 18 адам;

– Талас облусунда 15 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *