Жалпы республикалык тестирлөөгө жетишпей калгандарга мүмкүнчүлүк берилди

   Мезгил

Жалпы республикалык тестирлөөгө жетишпей калгандарга июнда акыркы мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

 Маалым болгондой, тесттин экинчи туру июндун жыйырмаларында өткөрүлөт. Бирок ага олуттуу себептер менен негизги тестирлөөгө келе албай калгандар гана катыша алат.

Алсак, ошол кезде өлкө аймагында болбоо жана ооруп калуу сыяктуу себептер каралат.  Ал эми экинчи тур Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт.

Эске салсак, бүгүн өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө башталды. Ал 22-майга чейин уланат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *