“Коопсуз шаардын” жалпысынан 14 камерасы талкаланган

“Коопсуз шаар” долбоорунун камераларын талкалоо боюнча 14 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалым болгондой, Бишкек жана Чүйдө трассаларда орнотулган камераларга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы миллиондоп саналууда. Техника гана эмес, оператор кызматкерлерге кол салуу учурлары дагы кездешүүдө, иликтөө жүргүзүлүүдө. 

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, россиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Ал эми экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык компания жеңип алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *