Жамбыл КАМЧИЕВ, куудул: “Мотуев менен “Чыпалак Баатыр” жеңил-желпи болбой, “Чоң Казатка” кошулушпайбы?”

    Мезгил

–Жамбыл аке, учурдагы саясый кырдаалга карата бааңыз кандай?

–Мен Ошто, силер Бишкекте. Менимче, жалпы өлкөдө салыштырмалуу абал тынч. Бирок, чек ара көйгөйү алигиче толук чечилбей жатканы өкүнүчтүү…

–Бул бийлик чек араны чече алаарына ишенесизби?

–Мен чек ара маселелерин чечүү үчүн атайын комиссия түзүү керектигин сунуштаганмын. Алигилер менин сунушума «да» – деп да, «жок» – деп да айтыша элек. Соңку күндөрү эң таң калыштуу эки маалыматты интернет булактарынан окуп алып, шок болуп атам. Биринчиси, «өкмөт башчы Абылгазиевдин диплому фальшивый экен» – деген кабарды окудуңарбы? Депутат досум «Рыскелди Момбековдун документи да самопал» – дегени мени чындап таң калтырууда.

–Учурда коомчулукка «Чыпалак баатыр», Нурлан Мотуев сыяктуу «шоумендердин» жүрүштөрү тартуланууда. Булардын мындай кадамдарына кандай ойдосуз?

–Бул эми болбогон бир жеңил-желпи көрүнүш да. Андан көрө ал экөө «Чоң Казатка» кошулушбайбы?

–Парламенттик шайлоого катышып, депутаттыкка баруу планыңызда барбы?

–5 миллион сом күрөө акчаны кайдан табабыз? Шайлоо жөнүндө мыйзамдын ушул жерине толуктоо киргизсе дурус болмок. Мисалы; «Ким парламентке, шаардык кеңешке талапкерлигин койсо, ал 6 предметтен түз эфир аркылуу сынак тапшырып, анан өтсө гана акчасын төгүш керек» – деген. Ошондо туура болмок. Ушул сурооңо бир анекдот кыскарта кетейинчи? Баласы 5-класста окуп, онлайн дил баян жазып жатыптыр.

–Ата эл душманы деген ким? – деп сураса, атасы кебелбестен депутат деп жаз дептир. Баласы;

–Жок дегенде жүз жыйырма сөз болуш керек экен – десе, атасы:

–ЖКнын депутаттарынын баарынын фамилиясын жазсаң болот – деп коет дейт.

–Сиз дагы деле наамга жете элексизби? Деги кандай сыйлык, наамдарыңыз бар?

–Менин Жамбыл Камчиев – деген наамым бар. Мага кантип беришмек эле? Президенттерди да, депутаттарды да, министрлерин да кыркалекей сындап жатсам.   

 Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *