Жамгырчиев: Бул акчалар Кыргызстандын бюджетине тиешеси жок

   Мезгил

Жогорку Кеңеште кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул жолку отурумга тийиштүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен “Азаттык” үналгысынын жетекчилери чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев жалпы эсебинен Кыргызстандан 937 млн 736 365 миң доллар которулган. Бирок, бул акчалар бюджетке тиешеси жок экендигин айтты. -3070 банкттык эсептөөнү Саймети жубайына жана Абдыраз” фирмасына которгон. Негизги которуулар Түркия менен Голандияда аяктаган. Ал жердеги акча которуу текстилдик продукцияга деп которулган.

 Ошол эле учурда Айеркен Саймаити анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептерине 937 млн. 807 279 доллар түшкөн. Анын ичинен Саймаитиге 592 млн. доллар, анын жубайы Вуфули Бумаилиамуга 26 млн. доллар, «Абдыраз» фирмасына 318 млн. доллар которулган. Бул акчалар Кыргызстандын бюджетине тийешеси жок-деп билдирет Жамгырчиев Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

 Белгилей кетсек, Кыргызстандан 700 млн доллар көлөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айыпталган кытай ишкери Айэркен Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Журналисттик иликтөөдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго да ага катышы бар деген доомат коюлган. Депутат Мирлан Жеенчороев комиссиянын келерки отурумунда Райымбек Матраимовду, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкуловду да чакырып, айрым бир суроолорго жооп алуу зарылдыгын белгиледи. 

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *