Жамшитбек Калилов кайрадан кызматка келди

Мезгил

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчылыгына Жамшитбек Калилов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган ишкана билдирди. Буйрук 21-августта чыккан, учурда ал ишке киришти.

Белгилей кетсек, Жамшитбек Калилов буга чейин транспорт жана жолдор министри болгон. Анын орун басары «ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармалган. Бул окуя тууралуу 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сынга алгандан кийин Калилов арыз жазып кызматтан кеткен.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *