Жамшитов: Кой-Таштагы окуя боюнча 8 кылмыш иши козголду

Мезгил

Кой-Таш айылындагы жаңжал боюнча жалпы 8 кылмыш иши козголду. Алар “Альфа” тобунун 6 кызматкерин барымтага алуу, массалык башаламндыкты уюштуруу, киши өлтүрүү, барымтага алуу, ээн баштык, киши өлтүрүүгө аракеттенүү жана башкалар боюнча кылмыш иштери козголду. Бул туурасына башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

– Ниязовго, Исмаиловго, Жамгырчиевге, Кылычовго, Шаменовго Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси, 244-беренеси, барымтага алуу, массалык баш аламандыкты уюштуруу,киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет жасоо ,ээнбаштык боюнча кылмыш иши козголуп, 8-октябрга чейин СИЗО-1 камак жайына камалган – деди Жамшитов.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып 26-августка чейин камакка алынган.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Атамбаевди кармоо операциясында атайын кызматтын бир жоокери каза таап, жалпысынан 136 адам жаракат алган.  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *