Жанар Акаев: Абылгазиев маселени саясатташтырбагыла дептир

    Мезгил

“Кечөө мен Мадина базарында иштеген ишкердин өлүмү боюнча айтып чыксам, ал мага “Маселени саясатташтырбагыла” деп жооп бериптир”, – деп сөз баштады парламент жыйынында Жанар Акаев. Мага актануунун кереги жок, элге актаныңыз деп Абылгазиевди жарга такады. Саясатташтырат деп эле депутаттар сүйлөбөй калалыбы? Биз маселени айтып турушубуз керек. Биз ишкерлердин коопсуздугу боюнча маселе көтөрүп, оозубузду жыйганча аэропорттон ишкерлердин акчасын ташып иштеген бир айдоочунун сөөгү багажниктен табылып олтурат – деди Акаев.

Келерки жылга карата шайлоо аракеттери тымызын башталганы депутаттар активдеше башташты. Аз убакытта депутаттык абалынан пайдаланып, өздөрүн коомчулукка жарнамалоого өткөндүгүнө бир топ эле болуп калган.

Булак:Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *