Жанар Акаев: Атамбаев Абдыкадырдын каражатын пайдаланып турганы айдан-ачык эле көрүнүп калды

Мезгил

Интернетке тараган сүрөт “фейк” эмес. Алардын ортосунда чындап эле тыгыз мамиле, карым-катнаш болгон. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында ошол кездеги мамлекет башчы Атамбаевдин жеке колдоосу болбосо, бийлик анын иш-аракетине таптакыр эле көз жуумп коймок эмес.

-Аткезчилик чийимдер менен акчанын агымын ээн-эркин алып чыгып турган көрүнүштөр Хабибулла Абдукадырдын Кыргызстандын ошол кездеги бийлиги менен мамилесинин өтө тереңдеп кеткенин билгизип турат. Ошол кездеги мамлекет башчы Атамбаевдин жеке колдоосу болбосо, бийлик анын иш-аракетине таптакыр эле көз жуумп коймок эмес. Ошондуктан Атамбаев Хабибулла Абдыкадыр менен мамиле түзүп, анын каражатын пайдаланып турганы айдан-ачык эле көрүнүп калды. Анан эле “мен аны билбей калыпмын, аны менен мени башка бирөө тааныштырган” деп четке чыга берген туура эмес –деди Жанар Акаев.

Эл ѳкүлү “АКА-Минералз” компаниясы Чаткалдагы Терек-Сай сурьма кенин иштете турган “Терек-Сай жаштары” деген компанияны негиздеп,  бирок ошол эле жылы январь айында “АКА-Инвест” болуп өзгөртүлгөн “АКА-инвест” компаниясы 2017-жылы кийин “Акылдуу шаар” долбооруна катышып, бийликтин колдоосуна ээ болгонун сыры эми ачыла баштады деген ойдо.

-Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда “АКА-Инвест” деген компания менен келишим түзгөн. Бул жерде “Акылдуу шаар” долбоорду алып туруп, ошол аркылуу акчаны адалап чыгаруу боюнча күңүрт схемаларды иштеп чыгып, жайылтуу максаты болушу мүмкүн. Мына ошондуктан алар аталган долбоорду алууга аракет кылышкан. Ага мындай сунушту, буйрукту же көрсөтмөнү ошол кезде ким бериши мүмкүн эле?

 

Албетте, Атамбаев. Ошондон эле алардын күмөндүү бизнес байланыштарынын деңгээли кандай болгонун билсе болот. Эми айыбы ачыла баштаганда “анын бардыгына Жээнбеков күнөөлүү, биз ал кишини билген эмеспиз” дегени – бет тырмоочулук-деди Жанар Акаев

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысынын айтымында Атамбаев курдурган “7-апрель” мечиттин, чет ѳлкѳлүк досторумдун жардамы менен курдум деген резиденциядагы имараттын курулушуна жумшалган акча каражаттарын изилдеп чыгуу зарыл экенин билдирет.

-Атамбаев кезинде “чет элдик бай досторум, жардам берип жатат” деп байма-бай кайталап, улам айтып жүргөн “досу” мына ошол Хабибулла Абдыкадыр болуп чыкты. Ошонун эсебинен Атамбаев Бишкектеги заңгыраган “7-апрель” мечитин, Кой-Таштагы хан сарайдан сырткары, мамлекеттик резиденциянын ичине наркы асман чапчыган дагы бир резиденциянын имаратын курдурду.

 

Ошонун бардыгын ал “досторум каржылап берди” деп жүргөн. Эми мына ошол акча каражатынын булактарын текшерип чыгып, анын ордуна кандай кызмат көрсөтүү болгонун аныктоо зарыл. Анткени бул жерде кандай кызыкчылыктар болгону эми ачыкка чыгып жатат-деди Жанар Акаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *