Жанар Акаев: Криминалдар менен күрөшүүдө бюджеттен акча эмес, саясий эрк керек

   Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев ИИМди криминалдар менен күрөшүүгө чакырды. Депутаттын айтымында криминалдар менен күрөшүүдө бюджеттен акча эмес, саясий эрк керек деди.  

 “Ички иштер министрлиги  криминалдарга  күрөш жарыялагыла, же аларды камаганы да акча керекпи? Криминал кадимкидей азыр баш көтөрүп жатат. Алар баардык ишкерлерден  салык чогултуп, бербесе коркутушат. Анын бири Ыссык-Көлдөгү “Осьминог” деген кафени өрттөп салышты эле ээси Кыргызстандан качып кутулду. Бизнесмендер, инвесторлор качып жатат.  Экономикабызга чоң таасир  берүүдө  Азыр Кыргызстандан акчаларын башка мамлекетке которуп качышууда.   Бул көрүнүш акыркы жолу 2005 жылы болгон. Криминал менен күрөшүүгө бюджеттен акча   эмес, саясий эрк керек деди” деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *