Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министрин дарыгерлерди коргоого чакырды

   Мезгил

 Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда депутат Жанарбек Акаев илдетке каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге сый акы качан берилерине кызыкты.

“Өкмөт өкүлдөрү маалымат жыйынында тиешелүү акча которулду деп билдирген. Бирок саламаттыкты сактоо кызматкерлери азыркыга чейин ала элек. Алар күндө үмүт кылып банктык карточкаларын карап, күтүп жатышат. Баарыбызга белгилүү дарыгерлердин айлыгы аз, сый акы берилсе алар үчүн чоң колдоо болмок”, – деди депутат.

Муну менен катар эле эл өкүлү  Жанарбек Акаев министрди аймактарды кыдырууга үндөп, дарыгерлердин таламын талашууга чакырды.

“Сиз УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоңуз. Маска сапатсыз деп койгону үчүн кечирим суратууга жол бербешиңиз керек” – деди Жанарбек Акаев.

 Ошондой эле  депутат чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды алып келүү ишине көңүл бурулбай жатканын белгилеп, экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мигранттарыбызды Өкмөт ушундай учурда таштабашы керектигин кошумчалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *