Жанар Акаев: Саясий партиялардын калкыбызга кам көргөнү ушубу?

 

Мезгил

Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү турат. Кечээки жыйында депутат Кенежебек Бокоев жер-жерлерде жарандарды жапырт жасалма катоолор жүрүп жатканы жөнүндө маселе көтөргөн. Чынында эле ошондой болуп жатат. Саясий партиялардын калкыбызга кам көргөнү ушубу? Биз мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Мен жаңы эле Ошко барып келдим, андагы абал өтө татаалдашып калыптыр. Жергиликтүү кеңештерге шайланууга бара турган саясий партияларга паспортторун алдырып жиберген адамдар жөлөкпулдарын, студенттер стипендияларын алалбай жатат. Менимче, бүгүнкү жыйынга өкмөт өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, алардын азыркы абал боюнча маалыматын угуп, анан кырдаалга жараша кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек», – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *