Жанар Акаев: “Сен акмак, мен жакшы” деп жаатташып отурбай, кырдаалга жалпыбыз пайдабызды келтирели

    Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Депутаттар эмнеге чек арага барышпайт” деген сындар боюнча фейсбуктагы баракчасы аркылуу төмөнкүчө жооп берди. 

“Депутат, эмнеге чек арага барбайсың?”,-деген элдин ачуу талабын туура түшүнөбүз, бирок маанилүү бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде чек ара маселесинде чыр чыкса-өкмөт чечет, бул өкмөттүн компетенциясы, эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшөт, мисалы тажик парламенти ошол жерге келип, кыргыз парламенти да ошол жерге барып эмес, өкмөттөрү келип сүйлөшөт. Болбосо корккондон же жалкоолонуп барбай койгон эч ким жок, депутаттар барса, силер эмнени чечмек элеңер деп дагы сын болду. Бирок ошол өкмөттү биз шайлайбыз, демек талапты да коебуз.

Кечээ өкүнүчтүү окуя болуп кетти, адам өмүрү кыйылды. Депутаттар барып жеринде иштеп жаткан күч органдарынын башчыларынын убактысын алып, элди кайра дүрбөтпөй, өкмөттүн кырдаалды жөнгө салуусуна шарт түзүп бериши керек. Ошентсе да төраганын демилгеси менен бир нече эл өкүлү жерине барып, өкмөткө жолтоо болбой, элдин пикирин угуп кайтты. Өкмөт чек аралаш айылдарда инфраструктураны жакшыртуу аракетин токтотпош керек, биз бул үчүн канча болсо да каражатты аябашыбыз зарыл.

Эми эмоциялардан да маселени чечүү жолун ыкчам карайлы, саат 14:00дө өкмөт чек ара маселеси боюнча парламентке келет. Чек ара маселеси боюнча ойлор болсо бөлүшүңүздөр, өзгөчө Баткенде саясатчылар күйүүчү майды контрабанда жолу менен Тажикстанга өткөрүп келатканын жазып жатышат, бирок алар кимдер? Кайсы саясатчы же кайсы депутат? Аттарын ачык аташыбыз керек. “Сен акмак, мен жакшы” деп жаатташып отурбай, кырдаалга пайдабызды келтирели жалпыбыз.

Албетте, биз Жогору Кеңеш Сиздердин купулга толо албай жатабыз, бирок колдон келишинче алдыга жылып, Чек ара маселеси боюнча тиешелүү жетекчилердин баары чогулган учурда, Сиздердин пикирди, талапты айтканга жана ошону чечүү талабын койгонго күчүбүз жетет. Ойлор болсо жазсаңыздар, маселени ичинен билгендер көп эмеспи бизде. Проблеманы айтып чыккан жергиликтүү депутаттарды суракка алганы органдар, өтө чоң катачылык, экинчи мындайга жол бербей турган кылабыз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *