Жантөрө Сатыбалдиев: 12 документке кол койгом

   Мезгил

Баягылардын иши боюнча сот жүрүп жатат. Сөз Жантөрө Сатыбалдиевге берилди. Ал өзүн айыптуу эмесмин деп айтты. Зыян алып келген келишим боюнча коррупцияга тиешеси болбогондугу тууралуу сүйлөдү

“Ольга Владимировна финансы министри болгондон баш тарткан. Ал жасаганды бир да кыргыз жасай алган эмес. Аны өкмөткө мен чакырганмын” – деди Жантөрө Сатыбалдиев. Ошондой эле өзү иштеп турган учурда 12 документке кол койгондугун айтты.

“Документтерге кол коюу учурунда Артыкбаевди, ТВЕАнын башкы директорун, өкмөттүн бөлүмдөрүнүнүн башчыларын кабыл алгам. Өкмөт акваримдагы балыктай болуп калган. Биз 20 миллион доллардык грант боюнча келиштик, 2 миллион мектеп курууга, 3 миллион Кара-Кечени өнүктүрүгө жумшалмай болду” – деди Сатыбалдиев өз сөзүндө.

Бирок ТВЕА 2 мектеп куруп берүүсү керектиги тууралуу, ал эми Кара-Кечени өнүктүрүүгө делген 3 миллион кайда кеткендиги тууралуу айткан жок. Жантөрө Сатыбалдиевден кийин Осмон Артыкбаевди сураша турган болду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *