Жантөрө Сатыбалдиев №47, Сапар Исаков №8 колонияга которулду

Мезгил

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга, Сапар Исаков болсо Петровкадагы №8 колонияга которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Аталган мекеме өзгөчө абал шартында саясатчылардын түрмөгө шашылыш которууга тергөө абагында орун калбай калганын себеп болгонун маалымдайт. 22-апрель күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу атайын комиссия көчмө жыйын өткөрүп, тергөө абагындагы 86 адамды колонияларга бөлүштүрүүнү чечкен. Алардын арасында Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттолгон мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов бар.

– Биз соттун өкүмү чыккан соттолуучуларды атайын комиссиянын чечими менен Бишкек жана Чүй облусундагы колонияларга жеткирип жатабыз. Атайын комиссиянын чечимине ылайык Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга бөлүнгөн. Сапар Исаков болсо Петровкадагы №8 колонияга жеткирилди. Салайдин Авазов Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул адамдар бир иштин фигуранттары болгон үчүн ар кыл абактарга жеткирилди. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абагында киши көп, батпай калды-деп билдирет Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишкана – ЖЭБде авария болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган.

Ал эми эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Ал эми мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018- жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында болчу.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *