Жантөрө Сатыбалдиев “подельниги” Осмон Артыкбаев менен “доля” талашты

   Мезгил

Баягылардын соту жүрүп жаткан.  Бир кезде эркиндикте эл бийлеп жүргөндөр абактын тардыгынан эригип кеткен окшойт, бири чечен, бири куудул болуп чыга келишти.

“Биз качан сүйлөштүк жана акчаны ким бөлүштүрдү эле? Анда менин үлүшүмдү бер. Мага уят болуп жатат. Биз экөөбүздү жашыруун келишимге барышкан деп айыптап жатышат. Биз жашыруун сүйлөшүү жүргүздүк беле?”, – деп Жантөрө Сатыбалдиев Осмон Артыкбаевге кайрылды. Жактоочу Рабига Садыкова олуттуураак болуңуздар, айтылган сөздөр протоколго жазылат деп кыйпылчыктады. Осмон Артыкбаев болсо экөөсү жашыруун сүйлөшүүгө бара албастыгын билдирип:

“Кудай алдында тазабыз, сот чечим чыгарат. Мен сот адилеттигине ишенем” – деди.

Өткөн сот жараянында Сапар Исаков “Аял эркексиз кош бойлуу боло албайт да” – деп куудулданган эле. Эми болсо төрт дубалдан эриккен Жантөрө Сатыбалдиев “подельниги” Осмон Артыкбаев менен “доля” талашкан учурун элестүү “сүрөттөп” берди.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *