Жарандан 80 миң сом талап кылган депутатка кылмыш иши козголду – Видео

Мезгил.

Финпол аталган факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 225 (“мамкызматкерлердин мыйзамсыз сыйлык алуусу”)  жана 166 (“көз боемочулук”) – беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматына М. К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ош облусундагы Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл айылынын айылдык кеңешинин депутаты жана жер маселелерин жөнгө салуучу адистин басмырлоосуна кабылганын белгилеген.

Аталган айылдын тургуну андан депутат менен адис 80 миң сом талап кылганын айткан. 17-августта жаран депутатка 50 миң сом берип жаткан учурда, кылмыш үстүнөн кармалды. Айылдык кеңештин депутаты С. О., ал эми жер маселеси боюнча адис К. И. аттуу жаран экени маалым болду.

19-августта айылдык кеңештин депутатынын баш коргоо чарасы каралып, ал тергөө амалдары аяктаганга чейин Ош шаарындагы абакта кармала турган болду.

 

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *