Жарандарга ипотека берүүдө шарттарды жеӊилдетүү сунушталды

Мезгил

 Бүгүн, 1-февралда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында КР Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угулду. Аталган маселе боюнча КР Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров менен КР Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеев баяндама жасашты.

  Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү ипотекалык туракжайларды өлкө аймактарына кура баштоо зарылдыгын айтып, анын менен катар чек ара аймактарындагы жарандарга насыя алуу шарттарын жеӊилдетүү керектигин белгилешти. Фракция депутаттары мамлекеттик ипотека берүүдө пайыздык ставкаларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү менен ипотекалык насыя берүү процессин жана механизмдерин жакшыртуу боюнча конкретүү сунуштамаларды беришти.

Ошондой эле талкуу жыйынтыгында «Кыргызстан» фракциясы МИКке насыялардын пайыздык ставкаларын төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн табуу, Нарын шаарындагы курулуп жаткан туракжайдын квадрат метрине болгон бааны түшүрүү маселелерин караштыруу боюнча сунуштамаларды беришти.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *