Жараны айыктырат, тишти агартат. Банандын пайдаларын билип алыңыз

   Мезгил

Бананды сүйүүчүлөрдүн катарындасызбы анда анын пайдаларын дагы билип алыңыз.

 1.Күмүштү тазалайт

Банандын кабыгы өңү кетип калган күмүш заттарды калыбына келтирет. Ал үчүн кабыкты блендерде тиш пастасына окшогонго чейин суу кошуп эзебиз. Артынан жумшак кебез менен күмүштү тазалайбыз, бара-бара кара тактар кетип жаткандыгын көрөсүз. Андан кийин күмүштү банан кабыгынын калдыктарынан тазалап, жылтыратуу үчүн жумшак кебез менен жакшылап сүртөбүз.

2 Бут кийимге арналган май

Банан кабыгынын курамындагы майлар бут кийимди тазалап, жылтыратуу үчүн колдонууга мүмкүндүк берет. Бут кийимди кабыктын ички жагы менен сүртүп, үстүнөн кургак чүпүрөк менен сүртөсүз.

3 CD же DVD дисктердин чийилген жерлерин калыбына келтирет

Чийилген дискти эң алгач, банандын өзү менен сүртөбүз, артынан 2 мүнөт бою банандын кабыгы менен сүртөбүз. Андан кийин дискти терезе тазалоого арналган каражатка малынган жумшак кебез менен сүртүп, кургатып коёбуз. Банандын жумшагы менен кабыгындагы мом дискти тазалоого жардам берет.

4.Тишти агартат

Калимки тиш пастасы менен тишиңизди тазалап бүткөндөн кийин, тиштериңиздин үстүн банан кабыгынын ички бети менен эки мүнөттөй сүртүңүз. Кабыктагы калий, кальций, магний, марганец жана фосфор сыяктуу минералдар тишке пайдалуу жана аны агартууга пайдасын тийгизет. Артынан банандын калдыктарын кетирүү үчүн тишиңизди дагы бир жолу жууп, тишиңизди агартуу үчүн ушундай күнүнө 1-2 иреттен кайталап туруңуз.

5.Тикенекти чыгарат

Эгер колуңузга тикенек кирип кетсе, аны ала албай жатсаңыз, тикенек кирген жерге банандын кабыгын ички бети менен коюп, 24 саатка таңып коюуңуз. Банан кабыгындагы ферменттер тикенекти теринин сыртына чыгарып, жаранын тезирек жазылуусуна пайдасын тийгизет.

6. Жараны айыктырат

Банандын кабыгыны курамындагы түрдүү табигый майлар менен ферменттер күндөн күйүүдөн, жараны тез айыктыруучу касиетке ээ. Ошондой эле, ал ооруксунуу менен түрдүү жандыктардын чагып кетүүсүнөн пайда боло турган кычышууну да басат. Ал үчүн банандын кабыгынын ички бети менен жарага же чаккан жерге коюп таңып таштайбыз же укалайбыз. Күнүнө бир нече ирет ушундай жасасаңыз, жара тез айыгат.

7. Сөөлдү кетирет

Банандын кабыгы сөөлдү кетирүү үчүн колдонулат. Ал үчүн банандын кабыгын ички жагы менен сөөлдүн үстүнө коюп бир күнгө байлап коюңуз. Сөөл жок болуп кеткенче ушундай жасап туруш керек. Кээ бир сөөлдөр бир жумада кетсе, кээ бирөөлөр кетиш үчүн бир айдай убакыт керек

8. Псориаз менен безеткини кетирет

Псориаз менен безеткини кетирүү үчүн банандын кабыгынын ички бети менен псориаз болгон жерлерди сүртүңүз, бир нече күндөн кийин өзгөрүүнү байкай аласыз

9. Териге пайдалуу

Банан кабыгы минералдар менен антиоксиданттарга бай. Эгер күндө аны менен бетиңизди, моюнуңузду сүртүп турсаңыз, териңиз нымдашып, бырыштын түшүүсү азаят.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *