Жашоомдо мынчалык уят болгон эмесмин! Ирандын командири Украинанын атып түшүрүлгөн учагы үчүн кечирим сурады

Мезгил

Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами Тегеранда атып түшүрүлгөн Украинанын учагы үчүн кечирим сурады.

 Жашоомдо мынчалык уят болгон эмесмин. Биз абдан чоң ката кетирдик, мунун айынын биздин канчалаган жарандарыбыз каза болду. Биз муну кокусунан кылып алдык. Биз кечирим сурайбыз.- деди Салами.   

Белгилей кетсек, буга чейин Иран кокусунан Украинанын учагын атып түшүрүп алышканын мойнуна алган.

Алар Американын канаттуу ракетасы деп жаңылып атып алышканын айткан. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегеран толук күнөөсүн мойнуна алуусун жана   жазаланышын,  расмий түрдө кечирим сурашын  талап кылып ошондой эле  каза болгондор үчүн компенсация төлөнүп берилиши керектигин айткан.

Эскерте кетсек, 8-январда Украинанын Киев шаарына багыт алган учагы Иранда кырсыкка кабылган. Учакта 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү  болгон. Алардын баардыгы каза болду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *