Жеңилбес Джек, тоюс, Жеңиш Разаков

Мезгил

Бишкек шаардык соту кыргыз тилдүү “Азия Ньюс” гезитин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөөгө милдеттендирди. Чечим бүгүн чыкканы маалым болду.

Эсиңерде болсо, Жеңиш Разаков буга чейин аталган басылмадан ар намысына шек келтиргени үчүн 10 миллион сом өндүрүүнү тилек кылып фемида өкүлдөрүнө кайрылган. Башка калаанын Октябрь райондук соту Разаковдун талабын кандайдыр бир өлчөмдө канааттандырып, басылманын мойнуна 1 миллион сом илген. Бишкек шаардык соту бул сандык көрсөткүчтү кыйла төмөндөтүп, 50 миң сомго чейин түшүрдү.

Жеңиш Разаков “Азия Ньюс” гезитин өзү тууралуу жарыялаган макаланы төгүнгө чыгаруу үчүн сотко кайрылып, моралдык чыгым төлөп берүүсүн да өтүнгөн. Өтүнүч кандайдыр бир деңгээлде канааттандырылды. Сот Разаков тууралуу жазылган макала боюнча басылмага түзөтүү жарыялоого милдеттендирди.   

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *