Жеңиш күнүнө карата бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет

Мезгил

Бишкекте «Өлбөс полк» акциясы менен Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгында бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалым болгондой, жөө жүрүштүн катышуучулары Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө чогулушат. Саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү, андан ары Фрунзе менен жөө басып, «Жеңиш» аянтына чогулушат.

Билдирүүго таянсак, саат 09:00дөн тарта төмөнкү көчөлөрдүн бир бөлүгү жабылат:

Токомбаев көчөсүнүн Абрахманов («Жеңиш» паркы) менен кесилишкен бөлүгүнө чейин;

Абдрахманов көчөсүнүн Токомбаевден Фрунзеге чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Шопоковго чейинки бөлүгү.

Ошондой эле Шопоков, Фрунзе, Ибраимов көчөлөрү менен Чүй проспектиси менен чектешкен аймакка дагы чектөө киргизилет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *