Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: “Атамбаевдин камалышын талап кылган митингдин өтүшү ашыкча болуп калды”

Мезгил

–Жеңиш мырза, Атамбаевдин сотуна келген тарапташтарына ар кандай айла-амал менен күч органдары тарабынан бут тосулушу, экс-президенттин өзүн өкүм чыккыча ансыз (Атамбаевди катыштырбай эле) сот процессин жүргүзө берүү азыркы бийликке утуш алып келеби?..

–Экс-президент Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин катышы жок соттун жүрүшү кийин чоң суроолорду жаратат жана соттун кандай болбосун чечимине чоң таасирин тийгизет. Башкача айтканда, жоопкердин катышы жок чыккан соттун чечими макул эмес тараптарды көбөйтөт. Бүгүнкү сот алдында экс-президенттин камалышын талап кылган митингдин өтүшү ашыкча. Ал ансыз деле камакта. Сот процесси өтүп жатат. Митингди уюштургандардыкы тийиштүү тарапка кошумча жагынуу болуп калды көрүнөт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *