Жеңиш МОЛДОКМАТОВ, “Замандаш” партиясынын лидери: “Россиянын расмий өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта иштер жүрүп келет”

   Мезгил

–Жеңиш мырза, “Замандаш” партиясы Россиячыл багытка бурулуп, шайлоо алдында кең Кремлден колдоо алаары айтылууда. Мындай кептин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Же бул биздин саясатчылардын кезектеги удургутмайыбы?

–Шайлоо алдында көп сөз болот. Көңүл бурбагыла кадырлуу калайык, урматтуу калемгерлер демекчимин. “Замандаш” партиясы алдыдагы шайлоодо бийликчил эмес, оппозициячыл эмес, орток тууру менен элдик тарапта чыгат Кудай буйруса. Көп жылдык тарыхы, таза баскан изи бар партия элдик партия деп эл ичинде айтылып келет. Андыктан, биз сөзсүз эл тарапта болобуз. «Замандаш» мигранттар менен көп иш алып бараарын билесиздер. Ал эми журтташтарыбыздын дээрлик көбү Оруссияда экенин эске алганда, «Замандаш» көбүн эсе Оруссияда иш алып барат. Албетте, Россиянын расмий өкүлдөрү, уюмдары, фонддору менен тыгыз кызматташта иштер жүрүп келет. Ошондон улам чыккан сөздөр болсо керек… Жалпысынан, экономикалык, коопсуздук жаатынан алганда, өзгөчө миграцияны эске алуу менен Россия биз үчүн стратегиялык өнөктөш. Ушундан улам шайлоонун шарапаты менен сөздөр чыга берет. Көп нерсеге көңүл бурбаңыздар.

Тизмени кандай багытта түзүп жатасыздар? Эмил Өмүракунов, Чынара Шейшекеева сыяктуу мурунку партжетекчилер да катарыңарга кошулуштубу?..

–Тизмени бекитүүнүн өз эрежеси бар. Партиянын сьездинде каралып, жалпы жыйын менен бекийт. Жакында партиянын съезди өтөт, ошондо баары ачыкка чыгат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *