Жеңиш МОЛДОКМАТОВ, “Замандаш” партиясынын лидери: “Учуру келгенде бүгүнкү бийликтегилердин көбү жооп берет”

   Мезгил

–Жеңиш мырза, учурда бир катар активисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү учурдагы абалды эске алып, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону жылдыруу керектигин белгилешүүдө. Сиз мындай сунушту колдойт белеңиз?

–Конституция жана “КР президенттин жана ЖК депутаттарын шайлоо” жөнүндө мыйзамга ылайык шайлоонун өтүшү президенттин жарлыгы менен бекийт. Жарлык чыкты, демек, аламан жарыш өз мөөнөтүндө өтөт. Бирок, өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен шайлоонун убактысын жылдыруу туура деп эсептейм. Себеби, илдетке чалдыккандардын саны күн санап өсүп, өлүмдөр көбөйүүдө. Каражаттын тартыштыгынан улам өлкөдө даары жана тийиштүү медициналык жабдыктар жетишсиз. Шайлоодон мурда жарандардын өмүрү кымбат. Күнүнө 50 адамдан жоготуудабыз. Ошол эле учурда ушул денгээлге жеткирген “чимкирик” парламент менен алар бекиткен өкмөттү кармап туруш мамлекет үчүн чон коркунуч. Шайлоону жылдыруу менен азыркы алсыз өкмөт, арсыз парламентти эл камсыздап, каржылап тургусу келбейт.

–Шайлоо өз мөөнөтүндө боло турган болсо, сиз жетектеген партия жарышка өз алдынча катышканга алы жетеби? Же кайсы бир топ менен биригесиздерби?

–Биригүүлөр болот деп ойлойм. Сүйлөшүүлөр активдүү фазада жүрүп жатат.

Бүгүнкү бийликтин саясатына ичиңиз чыгабы?

–Албетте жок! Учуру келгенде көбү жооп берет!

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *