ЖЭБ чыры: Ж. Сатыбалдиевди суракка алуу кезеги келгенде анын кан басымы көтөрүлүп соттук отурум жылдырылды

Мезгил

Бүгүн, 31-октябрда  Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланды.

 Анда айыпталуучулардын бири, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди суракка алуу кезеги келгенде анын  кан басымы  көтөрүлүп, медициналык жардам чакыртылды.  Сатыбалдиев суракты дүйшөмбүгө калтырууну суранды. Мындан улам, кийинки соттук отурум 3-ноябрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *