ЖЭБ соту: Мамлекеттик айыптоочулар кимге, кандай айып тагышууда?

Мезгил

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Мамлекеттик айыптоочулар иштин алкагында айыпталуучулар мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиеге, Сапар Исаковго, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиевге, “Улуттук энергетикалык холдингдин” топ менеджери Салайдин Авазовго, “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровго, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкуловго  коюлган айыптар окулууда. Анда тергөөдө айыпталуучулардын күнөөсү күбөлөр берген көрсөтмөлөр жана изилдөөгө алынган иш кагаздар менен далилденгени айтылды. Айыптоочу тараптын келтирген жүйөсү тѳмѳндѳгүдѳй:

Жантѳрѳ Сатыбалдиев

Мамлекеттик айыпталуучулар Жантѳрѳ Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп туруп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө пайда жана артыкчылык берүүгө багытталган бир топ адамдардын аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыптоодо.  Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп, ойдон чыгарылган күнөө тагуудан оолак болууга чакырды;

Сапар Исаков

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборун (ЖЭБ)  модернизациялоодо ЖЭБди модернизациялоону бир гана TBEA компаниясы гана ишке ашыра алат деген үгүттөө жүргүзгѳн жана  коррупциялык схеманы жүргүзгөн топтун башында турган. Ал Кытай тарап сунуштаган TBEAнын кызыкчылыгын көздөгөн. Ошол эле маалда тендерге катышкан башка компаниялардын сунуштары каралган эмес. Мунун натыйжасында мамлекетке ири суммадагы насыя сунушталган деп айыпташууда.

Бирок бул айыптоолор менен Сапар Исаковдун жактоочулары макул эмес. Ал эми судья аларга сөз берген жок. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жарыш сөзгө ЖЭБдеги коррупция боюнча эсеп жүргүзгөн эксперт Евгений Хафизов келбесе, чечим чыгарылбашы керек экенин басса белгилѳѳдѳ.

Осмонбек Артыкбаев

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай, башка адамдар менен бирге чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерди көрүп, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген деп күнѳѳлѳнүүдѳ. Сот процесси башталганда судья Инара Гилятзединова Осмонбек Артыкбаев өз калоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айтты.

Салайдин Авазов

“Электр станциялары” ААКсынын мурдагы жетекчиси  Салайдин Авазов мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк бир топ адамдар менен бирге чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерди көрүп, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген;

Жолдошбек Назаров

Мамлекеттик айыптоочулар “Электр станциялары” ААКсынын башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров да мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн, кызмат адамдарынын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда жана артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген деп табышты;

Темирлан Бримкулов

Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар “Электр станциялары” ААКсынын Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору катары Темирлан Бримкулов, 2013-жылдын 16-июлунда контракттык макулдашууга ылайык Бишкек ЖЭБиндеги иштердин жүзөгө ашырылышы үчүн атайын түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн башчы болуп, мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк адамдардын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпташууда;

Жогорудагы аты аталган адамдар Кылмыш кодексинин 300-беренесинин 3-бөлүгү жана 303-беренеси боюнча айыпталууда.

Айбек Калиев

Мамлекеттик айыптоочулар Айбек Калиев мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана бөлөк адамдардын чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген деген жүйѳѳнү карманышууда. Ошондой эле Айбек Калиевге Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору аяктагандан кийин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга байланышкан оор кылмыш жасаган деген айып тагылууда;

Ал Кылмыш кодексинин 300-беренесинин 3-бөлүгү жана 303-беренесинин 2-бөлүгү жана 183-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштар боюнча айыпталууда.

Ольга Лаврова

Ольга Лавровага кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштар боюнча айыпталууда. Ага кызмат абалын пайдаланып мамлекеттин кызыкчылыктарына карабай өзүнүн пайдасы үчүн башка кызмат адамдары жана чет элдик компанияга мыйзамсыз түрдө материалдык пайда, артыкчылык берүүгө багытталган аракеттерине көмөк кылып, мамлекеттин кызыкчылыктарына ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылууда.

Кытайдын “Эксимбанкынан” 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламенттин тиешелүү комитеттеринин айрым эскертүүлөрү менен 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ал макулдашууну колдоп буйрук чыгарып, финансы министри Ольга Лавровага кыргыз тараптан насыя макулдашуусуна кол койгонго ыйгарым укук берген.

Кытайдын “Эксимбанкы” 386 миллион доллар насыяны 2 пайыздык жеңилдетилген шартта, 20 жылга Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого берген болчу.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *