ЖЭБге 1 миллиард 200 миллион сомго көмүр сатып алынат

    Мезгил

Ордо калаа ЖЭБине 1 миллиард 200 миллион сомго көмүр сатып алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында  жарыяланды.

Андай айтылгандай, “Электр станциялары” ишканасы кайрадан тендер жарыялады. Буга чейинки жарыяланган сынак уюштурулбай калган. Компания 336 миң тонна кара отун сатып алуу ниетинде. Жеткирип берүүчү ишкана көмүрдү темир жол аркылуу алып келиши керек. Буга чейин Өндүрүш, энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов, Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *